Абдулазиз кары Закиров Кыргызстандын муфтийи болду

Абдулазиз кары Закиров Кыргызстан муфтийи болуп шайланды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

 

Абдулазиз кары Закиров 1979-жылдын 29-апрелинде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Жети-Кошкон айылында туулган. Кыргыз, араб жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт. Үй-бүлөлүү, үч уул, бир кыздын атасы.

Билими:

  • 1993-1998-жылдары Түркиянын Стамбул шаарындагы хафыздык Куран курсунда окуган;
  • 2009-2015-жылдары Бишкек шаарындагы «Расул Акрам» ислам институтунда илим алган;
  • 2015-2018-жылдары Укук-Бизнес жана билим берүү академиясын юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу жана ишмердүүлүгү:

  • 2002-2005-жылдары Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы «Абу Бакр ас-Сыддык» медресесинин мүдүрү, «Абу Бакр» мечитинин имам-хатибинин орун басары;
  • 2005-2008-жылдары Аламүдүн районунун баш имам-хатиби;
  • 2008-2011-жылдары Чүй облусунун мусулмандарынын казысынын 1-орун басары;
  • 2011-2013-жылдары Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби;
  • 2012-жылы Кыргызстан мусулмандарынын Уламалар кеңешинин мүчөсү (азыркы Аалымдар кеңеши);
  • 2013-2021-жылдары Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы;
  • 2021-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби болуп эмгектенип келген.