Кыргызстан Кореядан 27 млн доллар насыя алат

Кыргызстан Кореядан 27 млн доллар насыя алат. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, каражат саламаттык сактоо тармагына жумшалат. Тагыраагы, Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын функционалдык абалы жакшыртылат.

 

Кредит 10 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен 40 жылга алынат.