Бишкек жана Ош шаарларында республикалык агроөнөр жай форуму өтөт. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдиргендей, иш-чара ордо калаада 26-28-февраль аралыгында, түштүк калаада 29-февралдан 2-мартка чейин болот.
Форумда дыйкан, фермерлер айыл чарба тармагынын алдыңкы ишкерлери менен таанышып, өнөктөштөрдү табууга өбөлгө түзүлөт. Ишкерлер өз кезегинде бизнесин өнүктүрүүгө жана өз продукциясын сыртка экспорттоого мүмкүнчүлүктөр жаралат.