Кыргызстанда бул иш жумасы төрт күн болот

23-февралдагы майрамга байланыштуу бул иш жумасы төрт күн болот. Быйыл майрам жума күнгө туура келгендиктен кыргызстандыктар үч күн катары менен эс ала алышат — 23, 24 жана 25-февраль.

 

Токтомго Министрлер кабинети кол койду. Мындан тышкары, 22-февралдагы иш күнү бир саатка кыскартылат.