Бишкекте бильярд боюнча Дүйнө чемпионаты жана биринчилиги өтөт

Бишкекте чоңдор арасында бильярддын «аралаш пирамида» түрү боюнча Дүйнө чемпионаты жана жаштар арасында «эркин пирамида» боюнча Дүйнө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, 22-25-февраль күндөрү жаштар арасында «эркин пирамида» түрү боюнча мелдештер болсо, чоңдор арасында «аралаш пирамида» 27-февраль күнү башталып 2-мартка чейин уланат.

 

Жалпысынан мелдешке дүйнөнүн 20га жакын өлкөсүнөн 200дөн ашык спортчу катышаары күтүлүүдө.