Жалал-Абад – Бишкек аба каттамы «Ош» аэропортуна жөнөтүлдү
Кар жана туманга байланыштуу Жалал-Абад – Бишкек аба каттамы «Ош» аэропортуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти. Учурда Жалал-Абад аэропортунун аймагында көрүү 500 метрди түзүүдө. Белгилеп кетсек, көрүү норма боюнча 5 миң метрди түзүүсү зарыл.