Бир жыл ичинде Кытайдан Кыргызстанга автоунаа импорту дээрлик 45 эсе өстү. Улуттук статистика комитети билдиргендей, өткөн жылдын соңунда коңшу өлкөдөн 79 миңден ашык унаа алынып келинген.
Импорттолгон автопарктын баасы 1 миллиард 197 миллион доллардан ашты. Бул бир унаа орточо эсеп менен 15 миң доллар турат дегенди билдирет.