Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар азаюуда

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекцияга чалдыккандардын саны азаюуда. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришкендей, соңку бир жумада республика боюнча 6 миң 746 учуру катталды. Андан мурунку аптага салыштырганда ооругандар 6,5%га азайды.

 

Бейтаптардын дээрлик 66 пайызы 14 жашка чейинки балдар.