Улуу Британияда аукциондо эки миң жылдык монета сатылды

Улуу Британияда аукциондо эки миң жылдык монета сатылды. Кичинекей алтын тыйындын диаметри бир сантиметрге жакын.

 

Эксперттер мындай жети гана үлгүнү билишет. Аларды токойдо жашаган чакан уруу чыгарган деп эсептешет. Анын бир тарабында ат менен арабанын дөңгөлөгү, экинчисинде гүлчамбар жана жарым айдын абстракттуу элеси бар.

 

Тыйынды коллекционерлердин бири 5,5 миң долларга сатып алды.