Бишкектин түштүк тарабындагы тоолорго узундугу 14 чакырымдан ашкан веложол курулат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Анын алкагында Байтик айылынан Кашка-Сууга чейинки унаа жол алты чакырымга узартылат.
Долбоордо унаа токтотуучу жайлар да каралган. Курулуш иштери быйыл жазда башталат деп пландалууда.