Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустарга чалдыгуу көрсөткүчү азаюуда. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, 18-февралдан 25-февралга чейин өлкө аймагында жалпысынан 5 миңден ашык учур катталды.
Бул ага чейинки аптага салыштырмалуу 19 пайызга аз. Дарыгерлерге кайрылгандардын басымдуусу 14 жашка чейинки балдар. Өлкөдө курч респиратордук вирустарга көзөмөл жүргүзүү уланууда.