Кыргызстандык спортчулар Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына 5 лицензия ээлешти

Кыргызстандык спортчулар Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына 5 лицензия ээлешти. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Абдымомунов билдирди.

 

Анын айтымында, жолдомо балбандар Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана суучул Денис Петрашовдо бар.

 

Эске салсак, жайкы Олимпиада оюндары ушул жылдын 26-июлунда старт алып, 11-августка чейин созулат.