Кыргызстанда өткөн жылы калктын реалдуу акчалай кирешеси өскөн

Кыргызстанда өткөн жылы калктын реалдуу акчалай кирешеси өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. 2023-жылдын январь-сентябрь айларында калктын реалдуу акчалай кирешесинин көлөмү 515,8 миллиард сомду түздү.

 

Бул 2022-жылдын ушул мезгил аралыгына салыштырмалуу 11 пайызга көп. Калктын адам башына эсептелген кирешеси айына 9 миң 425 сомду түзгөнү айтылат.