Бишкекте көп функционалдуу жаштар борбору пайда болот

Бишкекте көп функционалдуу жаштар борбору пайда болот. Бул тууралуу Маданият министринин орун басары Марат Тагаев билдирди. Анын айтымында, борборду түзүүнүн негизги максаты – мамлекеттик жаштар саясатынын негизги багыттарын ишке ашыруу болуп эсептелет.

 

Долбоордун сметалык баасы 700 миллион сомду түзөт. Чиновник белгилегендей, мындай борборлор республиканын аймактарында дагы курулат.