Быйыл Кыргызстанда 73 миңден ашык окуучу мектепти аяктайт
Кыргызстанда бул жылы 73 миңден ашык окуучу мектепти аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку, орто кесиптик жана ЖОЖдон кийинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Асан кызы билдирди. Ал ошондой эле бүтүрүүчүлөргө толук орто билими тууралуу аттестат акысыз берилерин эске салды.