Быйыл бир нече аймакта Юстиция үйлөрүн куруу пландалууда

Быйыл Нарын, Талас, Каракол, Жалал-Абад, Баткен шаарларында, ошондой эле Кочкор айылында Юстиция үйлөрүн куруу пландалууда. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдирди.

 

Ошондой эле, түштүк борбордо Ош юстиция башкармалыгынын жаңы имаратынын курулушунун долбоору даяр болду. Бул иштер мамлекеттик бюджеттен каржыланат.