Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө 17-25-майда өтөт

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө 17-майдан 25-майга чейин өтөт. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуунун методикалары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.

 

Ал учурда ЖРТга каттоо онлайн жүрүп жатканын жана 4-апрелге чейин созула турганын эске салды.

 

Негизги тестирлөөгө, ошондой эле ар бир предметтик тестке бир абитуриент үчүн каттоо төлөмүнүн баасы былтыркыдай эле 470 сомду түзөт.