Казакстан Кыргызстанга 2 миң тонна дизелдик отун бөлдү

Бишкек ЖЭБиндеги аварияны жөнгө салуу үчүн Казакстан Кыргызстанга 2 миң тонна дизелдик отун бөлдү. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

 

Миң тонналык гуманитардык жардамдын биринчи партиясы 28-февралда жөнөтүлгөн. Жүк толугу менен Кыргызстандын Энергетика министрлигине өткөрүлүп берилет.

 

Эске салсак, Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырсык 2-февралга караган түнү болгон. Анын кесепетинен шаар тургундарына ысык суу жана жылуулук берүү токтотулган.