Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Кыргызстанда 100 ири объекттин ачылышы күтүлүүдө

Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Кыргызстанда 100 ири объекттин ачылышы күтүлүүдө.

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдиргендей, арасында Чүй облусундагы цемент заводу, электр станциялары жана башка долбоорлор бар.

 

Алардын баасы 10 миллион доллардан 500 миллионго чейин.

 

Андан тышкары, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун экинчи этабы башталат. Кыргызстанда Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө тууралуу жарлыкка президент былтыр ноябрда кол койгон.