Бишкектин аймагында май куюу станцияларын курууга жер тилкесин бөлүп берүүгө тыюу салган мораторийдин мөөнөтү дагы 10 жылга узартылды.
Чечимди шаардык кеңеш кабыл алды. 2013-жылы Токомбаев/Масалиев, Садырбаев, Толстой, Фучик, Курманжан Датка, 7-апрель көчөлөрүн жана Жибек Жолу проспектин бириктирген бөлүктө май куюу станцияларын курууга тыюу салынган.
Экологиялык, техногендик коопсуздукту сактоо жана транспорт тыгындарын алдын алуу максатында мораторий узартылды.