Сочиде дүйнөдөгү эң чоң торт жасалды

Сочиде дүйнөдөгү эң чоң торт жасалды.

 

Анын салмагы – 623 килограмм. Аны кескенде таттуу азык бир нече каттан турганын көрсө болот. Торт карагат, кулпунай жана таңкуурай менен кооздолгон.

 

Ал эми мындай чоң десертти даярдоого 3 күн талап кылынды. Узундугу 4 метр болсо, кеңдиги 2,5 метр, бийиктиги 13 сантиметрди түздү. Анын салмагы атайын формуланын жардамы менен эсептелди, жыйынтыгында 623 килограмм 700 грамм болду.