Ордо калаанын Көк-Жар конушунда бала бакча ачылды

Ордо калаанын Көк-Жар конушунда бала бакча ачылды. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемеси 280 бөбөккө чакталган.

 

Имаратта оюн залдары, уктоочу бөлмөлөр, медициналык кабинет, спорт жана музыкалык залдар бар. Объекттин курулушу өткөн жылдын жайында башталган.