Бишкекте туура эмес токтогон унааларды эми муниципалдык эвакуаторлор алып кетет. Бул тууралуу “Жол-транспорттук инфраструктура” ишканасынын башчысы Ренат Султамамытов билдирди.
Анын айтымында, мэриянын балансында Кытайдан чыгарылган 10 эвакуатор болот. Атайын транспортту сатып алууга 3 миллион сом бөлүнгөн. Учурда унаалардын документтери каттоодон өтүп жатат, алар апрелде иштеп баштайт.
Белгилеп кетсек, буга чейин жеке компаниялар тендерден утуп, эвакуация жүргүзүп келген.