Бишкектин Ак-Бата конушунда жаңы мектеп пайда болот. Капиталдык курулуш башкармалыгы 650 окуучуга чакталган имараттын курулушун баштады.
Долбоор боюнча мектеп 2 кабаттан туруп, 22 окуу кабинети, спорт зал, ашкана, медициналык кабинет, китепкана жана музыкалык залдан турат.
Андан тышкары, айланасында баскетбол, футбол жана воркаут аянтчалары орун алат.