Салык төлөөчүлөр эми электрондук камсыздандыруу полисин онлайн режимде алса болот. Мамлекеттик салык кызматынан эске салышкандай, кызмат Salyk.kg сайтында жеткиликтүү.
Ал үчүн “жеке кабинетке” кирип, “Модулдар/Электрондук сервистер” бөлүмүнө өтүп, “Электрондук патентти” тандаш керек. Электрондук камсыздандыруу полиси үчүн төлөмдү банктар, терминалдар же уюлдук капчыктар аркылуу жүргүзүлөт.