Мигранттар үчүн мамлекеттик ипотека алуу үчүн электрондук арыз толтуруу процедурасы жөнөкөйлөтүлөт

Мигранттар үчүн мамлекеттик ипотека алуу үчүн электрондук арыз толтуруу процедурасы жөнөкөйлөтүлөт.

 

Бул тууралуу 24 агенттигине Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти. Арыз толтурууда смс билдирүү жөнөтүү үчүн кыргызстандык оператордун номери талап кылынат.

 

Мигранттарга атайын виртуалдык сим-карта киргизилет. Эске салсак, мигранттар үчүн “Үлүштүү курулуш” механизми жеткиликтүү.

 

Анда батирдин баасынын 50 пайызы дароо төлөнөт, калган бөлүгү  15 жылга 8 пайыз үстөк менен берилет.