Бишкек – Нарын – Торугарт айланма трассасынын 124-чакырымындагы кайрылма жол жабылды

Бишкек – Нарын – Торугарт айланма трассасынын 124-чакырымындагы кайрылма жол жабылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

 

Мындай чечим жол кырсыктардын алдын алуу жана болтурбоо максатында кабыл алынды. Анткени, аталган тилкеде буга чейин көп авариялар катталып келген, — дешти ведомстводон.