Калкты тейлөө борборлорунда тарыхый бурчтар уюштурулду

Калкты тейлөө борборлорунда тарыхый бурч уюштурулду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

 

Бурч Президенттин «Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө» жарлыгынын алкагында уюштурулган.

Отуз алты калкты тейлөө борборуна уюштурулган тарыхый бурч билим берүүчү жана маалыматтык мүнөзгө ээ болуп, мамлекеттүүлүктүн тарыхы жана аны түптөгөн адамдардын баскан жолу камтылган.

 

Тарыхый бурчтарга төмөнкүлөр коюлган:

  • Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү тууралуу айтып берген документтер жана сүрөттөр;
  • 100 жыл ичиндеги Кыргызстандыктын жетишкендиктери жөнүндө маалыматтык такта;
  • Кыргызстандын тарыхы боюнча китептер жана китепчелер.

Калкты тейлөө борборлору элди тарыхый бурч менен таанышып кетүүгө чакырат.