Аскерден качып, кайра өз ыктыяры менен келгендерге мунапыс берилет

Президент Садыр Жапаров 9-февралда “Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” мыйзамына кол койгонуна байланыштуу аскер кызматкерлерине мунапыс берилет.

Мыйзам 13-февралдан баштап күчүнө кирген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы кабарлады.

 

Ага ылайык, Кылмыш жаза кодексинин “Аскер бөлүктү же кызмат өтөө ордун уруксатсыз таштоо” жана “Дезертирлик” беренелеринде каралган кылмыш ишин жасаган адамдар 2024-жылдын 13-февралынан 13-майга чейин Аскер прокуратурасына же аскердик кызматын өтөгөн жерине өз ыктыяры менен кайтып келсе, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

 

“Буга чейин укуктук талаанын чегинен чыккан аскер кызматчыларына жашоону таза барактан баштоо, ошондой эле кылмыштык куугунтукка алынуудан коркпостон, аларга карата козголгон кылмыш иштерин токтотуу үчүн Аскер прокуратурасынын органдарына өз ыктыяры менен келүүсү сунушталат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган беренелер менен канча аскер кызматкери айыпталып жатканы жөнүндө маалымат жок. Кылмыш жаза кодексинин 390-беренеси (“Дезертирлик”) менен айыпталгандарды үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

 

389-беренеде (“Бөлүктү же кызмат өтөө жерин өзү билип таштап кетүү”) 30 суткадан беш жылга чейинки эркиндигинен ажыратуу каралган.