Африкада аял күйөөсүнө кол салган крокодилди сабап салды

Африкада аял күйөөсүнө кол салган крокодилди сабап салды. Энтони Жубер баласы менен балык улоого чыккан. Эркек сууга киргенде бутун крокодил тиштеп алган. Чапкыласа дагы, жырткыч кое берген эмес.

 

Бул учурда анын аялы жардамга келип, чоң устун менен крокодилди сабап кирген. Жыйынтыгында аллигатор качып жөнөдү. Эркек оор жараат менен ооруканага жеткирилди.