Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү дагы эле кескин азаюуда

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү дагы эле кескин азаюуда.

 

Бүгүнкү күнгө карата башкы резервуарда 7 миллиард 300 миллион куб суу калды. Деңгээл критикалык чекке жетет деген коркунучтар бар.

 

Адистер жарандарды электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырып келет. Учурда Токтогулдан агып чыккан суунун көлөмү чыгашадан 3,5 эсе көп болууда. Мунун себеби суунун аз келүү мезгилине жана калктын электр энергиясын көп колдонуусуна байланыштуу.

 

Белгилеп кетсек, Токтогул – Кыргызстандагы эң ири ГЭС. Ал өлкөнүн дээрлик 40 пайызын электр энергиясы менен камсыздайт.