Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын январь айында 13 миң 500 жеңил унаа ташып келинди. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, транспорт 13 өлкөдөн жеткирилген.
Эң көбү Кытай жана Түштүк Кореядан келди. Кошумчалап кетсек, өткөн жылдын ушул мезгил аралыгында Кыргызстанга 6 миңдей унаа ташылган болчу.