Австралиялык миллиардер Клайв Палмер жаңы “Титаникти” куруп, анын каттамын кайталоо ниетинде

Австралиялык миллиардер Клайв Палмер жаңы “Титаникти” куруп, анын каттамын кайталоо ниетинде.

 

Кеменин курулушу ага жүздөгөн миллион долларды турат. Эгер план ишке ашса, жаңы “Титаник” 2027-жылдын июнь айында океанга кое берилип, Стаутгемптондон Нью-Йоркко сапар тартат. 70 жаштагы миллиардер мойнуна алгандай, ал акчаны көп тапканы менен, жашоосунда кызыктуу жана көрүнүктүү эч нерсе болгон эмес.

 

Андыктан, ал тарыхый кемени, анын каттамын кайталап, тарыхта калгысы келет.