Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыкты

Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыкты. Дүйнөлүк күрөш уюму Түркиянын Анталия шаарында өткөн эл аралык мелдештен кийин жаңыланган рейтинг жарыялады.

 

Айсулуу Тыныбекованын аталган турнирде 58 миң балл менен алтын медаль тагынышы анын рейтингде биринчи орунга чыгышына мүмкүнчүлүк берген.