Саламаттыкты сактоо министрлиги кызамыкты алдын алуу боюнча эмдөө календарына өзгөртүү киргизди

Саламаттыкты сактоо министрлиги кызамыкты алдын алуу боюнча эмдөө календарына өзгөртүү киргизди. Ведомстводон билдиришкендей, эми балдар экинчи дозаны 6 жашында эмес, 2 жашында алышы керек.

 

Мындай чара вирустун жайылышын токтотуу максатында кабыл алынды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен белгилешкендей, Кыргызстанда кызамык боюнча абал оор бойдон калууда. 12-мартка карата өлкөдө 5 миңден ашык учур катталды.