Бишкекте курула турган жаңы стадиондун эскизи даяр болду

Бишкекте курула турган жаңы стадиондун эскизи даяр болду.

 

Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, 45 миң көрүүчүнү батырган спорт аянтчасынын курулушу жакынкы күндөрү башталат.

 

Эскиздер улуттук баалуулуктарды эске алуу менен иштелип чыкты, стадион кыргыз боз үйүн элестетет.

 

Долбоор чет элдик компания менен биргеликте ишке ашырылат деп пландалууда.