Бишкекте цирк имаратынын ири реконструкциясы башталды

Бишкекте цирк имаратынын ири реконструкциясы башталды. Имараттын эскилиги жеткендиктен, андагы бардык объектилер демонтаждалып, бир гана дубалдары калган.

 

Эми ал толугу менен жаңыртылат. Андан тышкары, вентиляция жана жылуулук системалары калыбына келтирилет. Ошондой эле цирк артисттерине бардык шарттарды түзүп берүү пландалууда. Ремонттук иштер жыл аягына чейин жыйынтыкталат.