Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионаты бүгүн жыйынтыкталат

Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионаты бүгүн жыйынтыкталат. Анын алкагында грек-рим күрөшү боюнча 5 медаль топтому ойнотулуп, өлкө намысын 5 балбан коргойт. Алар Жоламан Шаршенбеков, Раззак Бейшекеев, Адылхан Нурланбеков, Бекзат Орункул уулу жана Бексултан Махмудов.   Эске салсак, буга чейин Азия чемпионатында балбандар Айсулуу Тыныбекова, Айпери… Кененирээк…

“Google салыгы” түрүндө чет элдик компаниялардан дээрлик 189 млн сом түштү

“Google салыгы” түрүндө чет элдик компаниялардан дээрлик 189 миллион сом түштү. Жылдын биринчи кварталы боюнча маалымат Мамлекеттик салык кызматы тарабынан берилди.   Жалпысынан Салык кызматында 57 чет элдик компания катталган. Өткөн жылы салыктын бул түрүнөн 430 миллион сомдон ашык каражат чогултулган.   Эске салсак, 2022-жылы… Кененирээк…

Нарында ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды

Нарында ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталганын президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.   Шаарда биринчи жолу төрт блоктон турган тогуз кабаттуу турак жай курулат, анда жалпысынан 216 батир болот.   Курулушту ушул жылдын ичинде аяктоо пландалууда. Батирлерге электрондук кезекте тургандар ээ боло алышат.

Бишкекте жаңы автобустук каттам кое берилди

Бишкекте жаңы автобустук каттам кое берилди. Бүгүнтөн тарта ордо калаа жүргүнчүлөрүн №23 автобус ташыйт, — деп билдиришти мэриядан.   Каттам Бишкек автобекетинен Тоголок Молдо, Токтогул, Асаналиев, Лев Толстой, Фрунзе, Ахунбаев көчөлөрү аркылуу Жал айылына чейин барат.   Линияга 25 автобус чыгып, алар 7-9 мүнөт сайыт… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында 24 миң “акылдуу” эсептегич орнотулду

Жалал-Абад шаарында 24 миң “акылдуу” эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Улуттук электр тармактары ишканасынан билдиришти.   Компаниядан белгилешкендей, “акылдуу” эсептегичтер электр энергиясы үчүн карызы  бар абоненттерди аралыктан эле жарыктан өчүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.   Ошондой эле электр кубаттуулугу ашыра колдонулса, автоматтык түрдө өчүрүлөт.

Жылдын биринчи кварталында жашоо минимуму 7 миң 769 сомду түздү

Жылдын биринчи кварталында жашоо минимуму 7 миң 769 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. 2023-жылга салыштырмалуу, сумма 88 сомго көп.   Жашоо минимумунун эң чоң суммасы Нарын  облусунда катталса, эң төмөнкү көрсөткүч – Ысык-Көлдө. Эске салсак, жашоо минимуму – бул негизги керектөөнү канааттандыруу… Кененирээк…

Чолпон-Атада Раппопорт аллеясы кайрадан түзүлөт

Чолпон-Атада Раппопорт аллеясы кайрадан түзүлөт. Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришкендей, долбоордун эскизи даярдалды. Аллея ден-соолукту чыңдоочу комплекстин жанында жайгашып, жалпысынан 14 гектар аянтты ээлейт.   Эске салсак, Балыкчы-Корумду жолун кеңейтүү максатында Раппопорт аллеясы 2016-жылы жок кылынган. Анда 700 терек жана карагай кыйылган болчу.

Ош шаарында социалдык дүкөн ачылат

Ош шаарында социалдык дүкөн ачылат. Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашат. Объект Нурматов көчөсүндөгү иштебеген соода күркөлөрү жайгашкан тилкеде пайда болот.   Дүкөндө социалдык маанидеги товарлар өздүк наркы менен сатылат. Бирок жарандар социалдык абалын тастыктаган документин көрсөтүшү керек.

Ысык-Көлдө жолдорду оңдоо иштери туристтик сезондун башталышына чейин, май айында жыйынтыкталат

Ысык-Көлдө жолдорду оңдоо иштери туристтик сезондун башталышына чейин, май айында жыйынтыкталат. Буга Унаа жана жолдор министринин орун басары Ырысбек Бариев ишендирүүдө.   Ал белгилегендей, өткөн жылы айрым тилкелерде ремонт аягына чыкпай, 13 чакырымдай калган. Майдын аягына чейин иштерди толугу менен бүтүрүү пландалууда. Ал эми Чолпон-Ата… Кененирээк…

Кыргызстанда мамлекеттик ипотеканы берүү процедурасы жеңилдетилди

Кыргызстанда мамлекеттик ипотеканы берүү процедурасы жеңилдетилди.   Министрлер кабинетинин “Менин үйүм” программасынын алкагында “Үлүштүү курулуш” механизмин киргизүү жөнүндө токтому күчүнө кирди.   Ага ылайык, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үй сатып алууда эмгек стажы, киреше жана кредиттик тарых текшерилбейт. Аталган уюмдан билдиришкендей, “Үлүштүү курулуш” механизми республиканын… Кененирээк…