Бишкекте №10 троллейбустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү

Ордо калаада 10 троллейбустун кыймылынын схемасы убактылуу жарым-жартылай өзгөртүлдү. «Бишкек троллейбус башкармалыгынан” билдиришкендей, каттам Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишиндеги оңдоо иштерине байланыштуу өзгөрдү.   Жумуштар аяктаганга чейин аталган троллейбус Интергельпо көчөсүнө кирбейт.

Ысык-Көл облусунда жер титиреди

Бүгүн түнкү саат 1 жарымдарда Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.   Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Сары-Жаз кырка тоолорунда — Эчкили-Таш айылынан түштүк-чыгышка карай 18 чакырым, Кең-Суу айылынан түндүк-чыгышка карай 27 чакырым, Каракол шаарынан түштүк-чыгышка карай 100 чакырым аралыкта… Кененирээк…

Кыргызстандык альпинисттер Гималайдагы Лобуче чокусуна чыгышты

Кыргызстандык альпинисттер Гималай тоолорундагы Лабуче чокусуна чыгышты. Бул тууралуу Спорттук альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов социалдык тармактагы баракчасына жазды.   «Чокуну багындырдык! 21-апрелде саат 07:00дө Кыргызстандын 5 катышуучудан турган командасы альпинисттик жана татаал Лобуче чокусуна ийгиликтүү чыгышты! Биздин арабызда көрүнүктүү пара-спортчу, эмгек сиңирген спорт чебери… Кененирээк…

Кыргызстанга Германиядан 17 автобус келди

Кыргызстанга Германиядан 17 автобус келди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.   Анын айтымында транспорт үч эшиктүү жана жүргүнчү ташууга ылайыкталган.   «Автобустар грант түрүндө, башкача айтканда, акысыз негизде берилди», — деди Алагөзов.

Кыргызстанда мопед, мотоцикл айдагандарга масштабдуу рейд жүрүүдө

Кыргызстанда мопед, мотоцикл жана электр чыгырыгын айдагандарга карата масштабдуу рейд жүрүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.   Маалыматка ылайык, соңку кезде скутер, мопед, велосипед жана электросамокат башкаргандар жол эрежесин одоно бузуп, анын айынан ар кандай кырсыктардын саны күндөн-күнгө көп катталып жатат.… Кененирээк…

Бүгүнтөн баштап мамлекеттик нотариустар ишемби күндөрү да иштеп баштайт

Бүгүнтөн баштап Кыргызстанда мамлекеттик нотариустар ишемби күндөрү да иштеп баштайт. Юстиция министрлигинен билдиришкендей, бул мүлктү легалдаштырууну каалагандардын көптүгү менен байланыштуу.   Мындан тышкары, стандарттуу нотариалдык аракеттерди жасоо, анын ичинде мурастык иштерди каттоо үчүн жарандар жеке нотариустарга кайрыла алышат.   Эске салсак, 9-июнга чейин мүлктөрдү ыктыярдуу… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта Бишкекте ысык суу өчүрүлөт

Бүгүнтөн тарта Бишкекте ысык суу өчүрүлөт. Мэриядан эскертишкендей, бул ирет адаттагыдан айырмаланып ысык сууну берүүдө чектөө бир айга эмес, көбүрөөк убакытка – 22-апрелден 1-июнга чейин киргизилет.   Мындай чечим Бишкек ЖЭБинде жана жылуулук тармактарында масштабдуу оңдоо иштери пландалганына байланыштуу кабыл алынган.

Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу болбойт

Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу болбойт. Муниципалитеттен билдиришкендей, 23-апрелде эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин Абаканов көчөсү – Дэн Сяопин проспекти – Костанай көчөсү – темир жол линиясы, Костанай – Волков – Садыгалиев көчөсү, Дэн Сяопин проспекти менен чектешкен аймакта суу болбойт.  … Кененирээк…

Ош облусунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Ош облусунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Novosti.kgге президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн такташкандай, мунун себеби селге байланыштуу.   Дем алыш күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан улам Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Кара-Суу райондорунда, шаардын чет жакасындагы айылдарда сел жүрүп, бир катар үйлөрдү, короолорду суу каптаган. Селдин кесепетинен… Кененирээк…