Кыргызстандын үч облусунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Кыргызстандын үч облусунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарында нөшөрлөгөн жаандан кийин 46 сел жүрдү, — деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов.

 

Анын айтымында, Ошто 170 короо, 28 үй жана 1 мектепти суу каптады. Жалал-Абад облусунда 102 короо-жайды, ал эми Таласта 200 короону жана бир мектетин айланасын суу каптады. Жеринде министрликтин куткаруучулары тазалоо иштерин жүргүзүүдө.