Каракол шаарында 2,5 миллион сомдук футбол аянтчасы ачылды

Каракол шаарында 2,5 миллион сомдук футбол аянтчасы ачылды.

Каражат калаа бюджетинен бөлүндү. Буга чейин аймакта заманбап

футбол талаасы болгон эмес. Учурда анын айланасында көрктөндүрүү

иштери уланууда. Белгилеп кетсек, спорттук талаанын ачылышы

Каракол шаарынын 151 жылдыгына карата уюштурулду.