«Жети-Өгүз» командасы КГАФКиС командасын утуп, кум үстүндөгү футбол боюнча өлкөнүн кубогу үчүн мелдештин чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзунун (КФС) маалымат кызматы кабарлады.
«Жети-Өгүз» командасы ушуну менен үчүнчү ирет аталган турнирдин чемпиону болду.
«Ысык-Көлдүн Тосор айылында бүгүн, 30-августта, өткөн финалдык беттеште «Жети-Өгүз» командасы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик академиясынын КГАФКиС командасын 5:3 эсебинде утуп алды. Коло байге үчүн Нарындын «Теңир-Тоо» командасы менен жергиликтүү «Тосор» тобу күч сынашты. Беттеш 7:4 эсебинде теңиртоолуктардын пайдасына жыйынтыкталып, байгелүү орунга илинди», — деп айтылат билдирүүдө.
Кум үстүндөгү футбол боюнча мелдеш 27-августта башталып, анда өлкө аймагынан жалпысынан 8 команда ат салышкан.
Мелдеш Кыргызстандын футбол союзунун демилгеси менен 2018-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Маалымат кызматынан кошумчалагандай, тайпалардан тандалып куралган Кыргызстандын улуттук командасы Ысык-Көлдө калып, эл аралык мелдешке даярдык көрөт.