Кыргызстанда ажылыкка каттоо токтотулду

Кыргызстанда ажылыкка каттоо токтотулду. Novosti.kgге муфтияттан билдиришкендей, келерки жылдагы зыярат үчүн квота толду.

 

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата Меккеге барууну каалагандар 2 миң доллар өлчөмүндөгү баштапкы төлөм жана кайтарымсыз 1000 сом төлөштү.

 

Эске салсак, 2024-жылы ажылыкка баруучулар үчүн Сауд Аравия Кыргызстанга 6 миң 60 орун бөлгөн.