Кыргызстандык зыяратчылардын акыркы тобу Меккеге учуп кетти.
Муфтияттын маалыматына ылайык, соңку рейс менен 60 адам Ош аэропортунан учту. Эске салсак, быйыл Кыргызстанга Сауд Арабиясы биринчи жолу 6 миң квота бөлүп берген.
Ажылыктын баасы быйыл 3 миң 900 долларды түзөт.