11-апрелде Бишкектин айрым райондорунда таза суу берүү убактылуу токтотулат. Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең мененки саат 9дан кечки 8ге чейин Ала-Арча дарыясы – Темир жол линиясы – Жибек Жолу проспектиси – Жаш Гвардия бульвары; Жаш Гвардия бульвары – Темир жол линиясы – Фрунзе – Манас проспектиси; Ала-Арча дарыясы – Бөкөнбаев – Кулиев – Москва – Фучик – Казаков көчөсү чектешкен аймакта суу болбойт.
Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу. Калк ичүүчү сууну алдын ала камдап алышы зарыл.