Ош облусунда эки заманбап төрөт үйү курулду

Ош облусунда эки заманбап төрөт үйү курулду. Өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, объектилер Өзгөн жана Араван райондорунда жайгашат.

 

Төрөт үйлөрүн курууга жана аларды тиешелүү медициналык жабдуулар, эмеректер менен камсыз кылууга каражатты эл аралык уюмдар бөлүп берген.