Айдоочулар үчүн мессенджер аркылуу тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт

Айдоочулар үчүн мессенджер аркылуу тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт.

Кеп, 1- декабрдан тартып унааны мас абалда башкаргандарга 17,5 миң сом айып

салынып же 30 саатттан 40 саатка чейин коомдук жумушка тартуу, андан тышкары

кодекске кошумча өзгөртүүлөр киргизилди деген жалган аудиобилдирүүлөр тууралуу

болуп жатат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан

билдиришкендей, мындай мыйзамдар каралган эмес. Учурда жалган маалыматты

тараткан адамды аныктоо иштери жүрүүдө.