Германия өнүктүрүү банкы Ошко дагы перинаталдык борбор курат

Германия өнүктүрүү банкы Ошко дагы перинаталдык борбор курат.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, курулушка

каражатты аталган чет элдик донор бөлүп берет. Төрөттүн оор түрү менен

кайрылган бейтаптарды кабыл ала турган борбор заманбап медициналык

жабдуулар менен камсыздалып, көп тармактуу болот. Объект Ош облустар

аралык бириккен клиникалык ооруканасынын аймагына салынат. Курулуш

иштерин 2022-жылы баштап, 2024-жылы бүтүрүү пландалууда. Ушундай

эле борбор аталган банктын эсебинен Таласта дагы пайда болот.