«Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын жетекчиси кармалды

«Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын жетекчиси кармалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришкендей,

жетекчи коррупцияга шектелүүдө. 2017-жылы жер ресурстар башкармалыгы,

«Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын жана калаа бийлигинин

айрым кызматкерлери тарабынан жасалма сатуу иштери уюштурулган.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып,

сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.