“Коопсуз шаар” долбоорунун 1-этабын ишке ашырууда мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталды

“Коопсуз шаар” долбоорунун 1-этабын ишке ашырууда мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталды.

Башкы прокуратурадан такташкандай, маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети 2018-жылы

долбоордун 1-этабын ишке ашырууга тендер жарыялап, утуп чыккан компания менен келишим түзгөн.

Анда көрсөтүлгөн кызматтар өз убагында бүтпөсө, ар бир күн үчүн айып жазылары макулдашылган.

Компания белгиленген мөөнөттөн 50 күн кечигип, ага 20 миллион сом айып салынган.

Бирок Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети айыпты негизсиз түрдө жокко чыгарган.

Эки тарап ортосунда иштин мөөнөтүн узартуу тууралуу кошумча келишим түзүлгөн эмес.

Сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.